17:30 Каракол шаарынын башчысынын орун басарынын автоунаасы барымтадан чыгарыла элек

ЫСЫККӨЛ. Таштанды жайга бөлүнгөн 160 миң сомду талап кылган үч айылдын эли 27-март күнү Бишкек-Каракол жолун тосуп, мэрдин орунбасары Акылбек Жаныбековдун кызматтык автоунаасын тартып алган эле. Жергиликтүү бийлик таштандыларды дароо көмө баштаганда жол кайра ачылган. Бул окуядан кийин 28-март күнү Каракол шаар башчысы Орозбек Бектуров отставкага кетип, анын ордуна облустук администрациянын аппарат башчысы Нурбек Алиев убактылуу дайындалды. Бирок барымтага алынган мэриянын автоунаасы таштанды 14 күндө толук тазаланып бүтмөйүнчө берилбей турганы маалымдалды.(RB)