16:20 “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү коалициялык өкмөттүн курамына киришпейт

Мындай чечим аталган кыймылдын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Алардын билдиргенине караганда, “Реформа үчүн” кыймылы премьер-министрлик кызматка Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин сунуштаган эмес. Ал өзүнүн “Социал-демократтар” партиясынын атынан барган. Ошондой эле “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронт менен ноябрдагы Конституциянын оңдолгон вариантын эртең маалымат каражаттарына чыгарыша турган болушту. Бүгүн саат 17де “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү Феликс Кулов менен жолугушат. (AJ)