Андан тышкары кечээ Ирактагы жардыруу-кол салуулардан 12 киши, анын ичинде бир нече америкалык аскер да набыт кетти. Фаллужа шаарында бүгүн таңга маал акимчиликтин жанына токтотулган эки жүк ташуучу машине жарылып, ондон ашуун ирактык жана АКШ аскерлери жарадар болду.