НТС ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН ЖУРНАЛИСТИ ДАНИЯР ИСАНОВДУ ЭМНЕГЕ ТОКМОКТОШТУ?

27-март күнү кечки саат 21:30 чамасында НТС телеканалынын журналисти Данияр Исановго белгисиз бирөөлөр Бишкек шаарындагы Динара Асанова көчөсүнөн кол салышып, ур-токмокко алышкан. Андан соң журналистке кол салгандар аны Бишкек-Чүй каналынын жээгине таштап кетишкен. Жабыркаган журналисттин айтымында, ага кол салгандар анын жанынан 1,5 миң сом акчасын жана чөнтөк телефонун алып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга ылайык журналистти сабаган адамдар 21 06 номерлүү ак жигули минип жүрүшкөн.
Журналист Данияр Исановдун ырасташынча, кечээ күнү түшкү саат 15:00 чамасында эле ак жигули минген балдардын акмалап калышканын байкаган. Ал эми кечки саат 21:00 чамасында Кыргызфильм студиясынан чыккан Данияр Исановго ошол ак жигули минген балдар капысынан кол салышып, токмоктоп бүткөндөн кийин Бишкек-Чүй каналынын жээгине таштап кетишкен. Учурда мээси чайкалып, мурду сынган Данияр Исанов, Бишкек шаардык № 4- ооруканасында дарыланууда. Ал бул окуянын кандайча болгонун төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Саат кечки тогуздарда Кыргызфильмден чыктым. Жолдо баратсам баягы жигули туруптур. Анан мени чакырышты да эки-үч сокку ургандан кийин эле билбейм эмне болгонун. Анан БЧКга алып барып да сабашты. Эки-үч саат эсимди жоготуп койгон экенмин.

Ооруканага келип түшкөн сабалган журналисттин абалын текшерген врач нейрохирург Искак Исманов, анын абалын канааттандырарлык деп баалады. Анын айтымында оорулууну текшере келгенде мээсинин чайкалганы, денеси, бети-башы көгала болгону, мурду сынганы аныкталган.

Бишкек шаардык № 4- ооруканада нөбөттө турган милиция кызматкери старшина Рустам Төлөгөн уулу, жабырлануучунун иши боюнча укук коргоо органдары иликтөө амалдарын башташканын, аны сабагандар 21 06 номерлүү ак жигули минип жүрүшкөнү тууралуу маалымат бар экендигин билдирди.

Айрым байкоочулар НТС телеканалынын журналистинин сабалышын, сөз эркиндигине болгон кезектеги чабуул катары сыпатташат. Акыркы күндөрү журналисттерге кол салуу көп болуп жатканына тынчсызданган жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, бул окуядан кийин өз ой-пикирлерин билдире башташты. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сөз эркиндигинин демократиялык принциптерин сактоо боюнча долбоордун координатору Мэри Бекешованын айтымында, демократиялык өлкө болгондон кийин мамлекет журналисттерге карата кол салууларга өзгөчө көңүл буруп, күнөөлүүлөрдү тез арада табууга көмөктөшүүсү керек:

- Негизи эле адам өмүрүнө кол салуу демократиялык өлкөдө кылмыш иши катары эсептелет да. Ал эми журналистке кол салуу бул андан да жаман нерсе. Албетте, журналисттерге кол салуулар – бул сөз эркиндигине болгон басым, коркутуу-үркүтүү, колдон келсе ошол журналисттин үнүн такыр чыгарбай коюу багытында болуп атат. Азыр бийлик бул боюнча тез арада иш-чараларды колго алышы керек. Журналисттерди уруп-сабап кетүү боюнча тергөө иштерин өзгөчө көзөмөлгө алышы керек.

Эскерте кетүүчү нерсе жакынкы күндөрдө эле ушуну менен экинчи журналисттин өмүрүнө кол салуу болуп өттү. Ушул эле жылдын 16-мартында МТРКнын журналисти Кайрат Биримкулов да өз үйүнүн алдында токмоктолуп, жанындагы видео камерасы, диктофону, чөнтөк телефону жана документтер салынган сумкасы жоголгон.