АКШнын Сенаты Ирактан америкалык аскерлерди чыгаруу демилгесин колдоп добуш берди

50 сенатор келерки жылдын март айына чейин Ирактан аскерлердин чыгарылуусуна макулдугун берди. Сенатта көпчүлүк мандаттарга ээ демократтар бул чечимди 2 добуш артыкчылыгы менен өткөрүштү. Президент Жорж Буш Ирактан аскерлерди алып кетүү мөөнөтүн аныктаган мыйзамдардын баарына вето коерун эскерткен.