"Реформа" кыймылынан ажырап чыккан уюм «Кыргызстандын биримдиги үчүн!» деп аталып, ал Кыргызстандагы саясий кырдаалды турукташтыруу максатын көздөйт. Бул тууралуу бүгүн депутат Азимбек Бекназаров менен Дооронбек Садырбаев атайын уюштурулган маалымат жыйынында кабарлашты.
«Кыргызстандын биримдиги үчүн» деп аталган жаңы кыймылды «реформачылардан» бөлүнгөн беш саясатчы, атап айтканда, Алмаз Атамбаев, Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Дооронбек Садырбаев жана Эдил Байсалов түзүштү. Бул саясатчылардын «Реформа үчүн!» кыймылынан чыгышына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө каршы көз караштары түрткү болду. «Кыргызстандын биримдиги үчүн!» эми бир-эки күн аралыгында штаб түзүп, төрагасын шайлайт. Төрагага талапкер катары Роза Отунбаева менен Эдил Байсаловдун аты аталууда. Кыймылдын негизги көз карашын бүгүн уюштурган маалымат жыйынында «Асаба» саясий партиясынын лидери, депутат Азимбек Бекназаров билдирди:
- Эл ишенген коалиициялык өкмөттү түзүш керек. Ал жерде оппозициянын курамы жок эле дегенде 50%тен кем болбош керек. Өкмөттүн курамына бүгүн Кыргызстанда иштеп жаткан он партия өкүлдөрүнөн кем катышпаш керек.
Бекназаровдун айтымында, жаңы саясий уюмду түзүп жаткан саясатчылар март окуясынан кийин тандем түзгөн Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун экөөнө тең ишенишпейт, саясий кырдаалдын курчуп кетишине ошолор күнөөлүү деп эсептешет:
- Жакында Бакиев-Кулов тандеми ажырашкандан кийин мына ошол тандемден «развод» болгон эки киши кайрадан Кыргызстанды эки жээкке бөлүп атат, түштүк-түндүк деген маселени абдан күч алдырышып атат, - дейт Бекназаров.
Ошол эле учурда жаңы кыймыл кырдаалды диалог аркылуу турукташтырууну жактайт. Ошондуктан, аны ишке ашырууну жакынкы аралыктагы башкы максат катары алдыга койду жана бардык саясий күчтөрдү бир үстөлгө отургузуу учүн чукул аракеттерди көрмөкчү.
Ушундай эле дымак менен аракет кылып жатканын эки күн мурун Топчубек Тургуналиев жетектеген “Саясий туруктуулук жана биримдик үчүн» кыймылы да билдирген:
- Ошол диалог деген, ынтымак менен сүйлөшүү жолдорун биринчи кадамын мына ошол Опера, балет театрынан (аталган кыймыл ушул жерде жолугушуу өткөрүүнү болжоодо – авт.) баштагыла, баарыңар угуп алгыла деп, алардын баарын чакырабыз. Эми кимиси келет, кимиси келбейт, ал – башка сөз.
Анткен менен, Бириккен фронттун көз карашын колдогон «Атамекен» социалисттик партиясынын төрага орун басары Эркин Алымбеков мамлекетти кесипкөй жана терең жоопкерчиликтүү башкарууга жетишмейинче саясий кырдаалды эч бир тарап турукташтыра албайт деген көз карашта:
- Канчалык жаңы кыймыл түзүлбөсүн, бириккен фронт жана «Атамекен» партиясы ошол реформаларды, системалык реформаларды эффективдүү жүргүзүп, адамдын укугун адилет, так кармаган бийлик системасы түзүлбөсө бул перманенттик түзүлүш андан ары кете берет.
Жаңы түзүлгөн кыймыл болсо бардык маселелерди ар тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүнү шарттай турган иш-аракеттерге батыл кирише тургандыгын кыймылдын атынан уюштурулган алгачкы маалымат жыйынында депутаттар Дооронбек Садырбаев менен Азимбек Бекназаров ишендиришти.