Бул тууралуу жаңы кыймылдын лидери Топчубек Тургуналиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.Биз бийликти да, оппозицияны да эскертип, алар өздөрүнүн аракети менен мамлекетте кооптуу кырдаал түзүп жатышканын билдиребиз, деп белгиледи Тургуналиев. Жаңы кыймыл 29-мартта форум өткөрүп, анда бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө алып келүүгө аракет жасамакчы. (AiT)