27-мартта Жалалабат облусундагы саясий партиялар менен аялдар, карыялар жана жаштар уюмдары тегерек үстөл жыйынын өткөрүшүп, өлкөдөгү соңку кырдаалды талкуулашты. Алар «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун талаптарын колдошпой, элди «түндүк-түштүк жакка болуп жатат» дешип, оппозициядагы саясатчыларды айыпташты. Экс-премьер Ф.Куловго кайрылуу кабыл алган облустук аялдар Кеңеши март ыңкылабынын жетишкендиктерин коргоо үчүн түрдүү иш-чараларга барууга даяр экендигин билдирди.
Жалалабат облустук аялдар кеңеши Бириккен фронттун башчысы Ф.Куловго кайрылуу кабыл алып, облустагы 400 миң аялдын атынан экс-премьерди эске келүүгө чакырды. Кайрылууда Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка бекитпей койгону үчүн Ф.Кулов президентке таарынбашы керектиги, оппозиция менен депутаттар ойлоно электе Акаевдик абакта жаткан Ф.Куловду бошотууну 2005-жылдын 15-мартында Жалалабатта өткөн курултайда Курманбек Бакиев сунуш кылгандыгы айтылат. “Сиз түзгөн Бириккен фронт энелер менен балдардын канын төгүүгө алып келет. Бул жолу жалаң аялдар салгылашабыз. Мурда бизди аялдар батальону деп айтып келишсе, эми биз көпбүз, бүтүндөй дивизияга жетип калдык. Кыргызстандын бөлөк облустарындагы аялдар да бизди колдойт деп ойлойбуз. Өзүбүз жасаган ыңкылапты өзүбүз коргоп калабыз!» - деп эскертилет кайрылууда.
“Келечеги кең Кыргызстан үчүн!” бириккен фронту эмки айда баштаары күтүлгөн саясий акцияларын токтотпосо, облустук аялдар Кеңешинин төрайымы Айчүрөк Абылкасымованын айтымында, аялдар март ыңкылабынын ийгиликтерин коргоо үчүн түрдүү иш-чараларга барууга камдуу:
- Биздин кайрылуубузга жооп берип, биз менен сүйлөшүп, өзүнүн жолунан кайтпай турган болсо кайда болсо да коргойбуз, бардыгыбыз барбасак дагы, жарым-жартылай барабыз. Биз жалаң аялдар барабыз десек, жаштарыбыз, аксакалдар кеңеши, партиялар силерди жалгыз койбойбуз, карап турбайбыз деп атышат.
Жалалабат шаар тургуну Санам Нарматова өлкө коомчулугуна, бардык аялдарга кайрылуу менен оппозициячыл саясатчыларды түндүк-түштүк маселесин көтөрбөөгө чакырды:
- Биздин Кыргызстан түндүк-түштүккө бөлүнбөшүбүз керек. Бир адамдын эки көзү, бир жагы оюлуп калса, бир жагы көрө албай калат, же бир бөйрөктү алып салса, бир бөйрөк менен адам кандай жашайт. Ошондой эле кеп. Биз балдарыбыздын келечеги үчүн жашашыбыз керек.
“Эркиндик” партиясынын облустагы төрагасы Мойдун Мамажановдун оюнда Бириккен фронттун башчысы Ф.Кулов элдин атынан мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралу сүйлөөгө укуксуз жана өлкө башчысынын кызматтан кетүүсүнө негиз болчу мыйзамдык төрт шарт бышып жетиле элек:
- Эгер бир кырсык болсо, же болбосо катуу ооруп калса, же импичмент жарыяласа, же өзү арыз жазып кетсе - ушул 4 гана жолу бар. Андай азыр жок да. Биримдик фронт эмнеге таянып бул аракетти, чаң-тополоңду чыгарып атат?
Облустук бийликтин өкүлү Садырбек Качкынбаевдин болжолунда «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Ө.Текебаев депутаттык жамаатты начарлатты, өлкө тынчтыгына Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка бекитпей койгон Ф.Кулов өңдүү амбициялуу кишилер бүлүк түшүрүүдө:
- Текебаевдин демилгеси менен райондун, облустун депутаттары, элдин өкүлдөрү региондогу депутаттардын корпусун нарчарлатып атышат. Эгер президент, министр болбосоң тиричилигин өтпөйбү эмне? 5-6 гана пост бар экен, ошого амбициясы жогору, ичи тар, өзүн башкара албаган адамдардын гана колунан келет деп ойлом.
Эл үмүтүн жарым-жартылай актаган бийликтин ишинде кемчиликтер арбын экендигин студент Мирлан Мырзакулов да байкаган:
- Биздин бийликтегилер мурдагы бийликтегилердин маселесин дагы деле чечише элек. Азыркы бийлик мурдагы бийликтегилердей эле саясат жүргүзүп атат.
«Ата мекен» партиясынын облустагы өкүлү Акыбай Сооронбаевдин пикиринде утуш чындык тарапта болот. Бириккен фронт сөз эркиндиги жана адам укугун пайдалануу менен мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабын коюуда:
- Бириккен фронттун көз карашында кеп эмес. Сөз анын койгон максаттарында, талаптарында. Эл ошого канчалык ынанып, канчалык артынан ээрчийт. Ошол көз караштагы адамдар чогулуп, өзүнүн укугун пайдаланып, сөз эркиндигин, адам эркиндигин пайдаланган талаптарды коюп атышат. Ф.Кулов өзүнүн жактоочулары менен талаптарын коюп атат. Канчалык туура, туура эмес экенин эл эле көрсөтөт. Ф.Кулов жакында түрмөдө жаткан, кечээ бийликте болгон, бүгүн оппозицияда, эртең кандай болот аны убакыт көрсөтөт. Өзгөрөт да, сен бул жерде болчусуң ушул жерде өмүр бою турасың деген туура эмес, - деди «Ата мекен» партиясынын облустагы өкүлү Акыбай Сооронбаев.