7:37 «Ата Мекен» партиясынын жетекчилери бүгүн Нарын облусунда болушат

Партия төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган топ облус борборунда жыйын өткөрүп, эл менен жолугушмакчы. Анда өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал, апрель айына белгиленген нааразылык акциялары тууралуу сөз болушу күтүлүүдө.