12:12 Кыргызстан элдик кыймылы кайрылуу менен чыкты

Анда 24-март ыңкылабынын эки жылдыгы белгиленип, ыңкылапты коргоого кыймылдын даярдыгын билдирилген. Ыңкылаптын негизиги талаптарынын бири конституциялык реформаны оппозиция саясий чайкоочулукка айлантып, айрым саясатчылар элди өзүнүн кыска максаты үчүн түндүк-түштүккө бөлүүдө. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо мамлекеттүүлүккө, анын бүтүндүүлүгүнө каршы келет. Ошондуктан тараптарды сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырабыз. Ал эми конституцияны рефрендум жолу менен кабыл алууну жактайбыз, деп белгиленген кайрылууда. (AiT)