Орусия президенти Владимир Путин жана Кытайдын мамлекеттик башчысы Ху Цзинтао Иран жана Түндүк Корея боюнча атайы декларацияга кол коюшту. Анда эки өлкө Иранды Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши жана атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик койгон бардык талаптарды аткарууга чакырды.