Грузиянын адилет министрлигинин доо-арызында былтыр Москва бир жарым миңге жакын грузин мигранттарын өлкөдөн чыгаруу менен алардын укуктарын одоно бузганы айтылган. Депортацияланган мигранттар арасында Орусияда мыйзамдуу иштеп жашап жүргөндөр да болгон. Москва Грузиянын бул доо арызы эки өлкө ортосундагы алакаларга зыян келтирет деп эскерткен. Массалык депортация Грузия былтыр төрт орус офицерин тыңчылыкта шектенип кармап алгандан кийин башталган. Андан сырткары Орусия Грузиялык товарлардын импортуна да жолду бууп салган. Депортация маалында кеминде эки грузин жараны набыт болгон.