12:30 “Тынчтык жана бейпилдик үчүн” жарандык бирикмесине дагы үч коомдук уюм кошулду

Ысыккөл облусундагы “Элет айымдары”, “Биз жакырчылыкка каршыбыз” жана “Эргүү (Вдохновение)” коомдук уюмдары “Тынчтык жана бейпилдик үчүн” жарандык бирикмесине киргендигин жарыялашты. Аталган коомдук уюмдар коомчулукка кайрылуу таратып, өлкөдөгү тынчтык жана бейпилдик үчүн биригүүгө чакырууда. Кайрылуу ээлери түрдүү митинг, жүрүш жана башка нааразылык иш-чараларына, элди бөлүп-жаргандарга каршы экендигин билдиришкен. Алар ошондой эле Президентке жана Жогорку Кеңешке элдин тынч жашоосуна, өлкөнүн өсүшүнө тоскоол болуучу митинг, жүрүш жана башка жыйындарды өткөрүүгө убактылуу мораторий жарыялоо тууралуу өтүнүч менен кайрылышты.