9:05 Жогорку Кеңештин алдына бир катар атуулдук коомдордун өкүлдөрү пикетке чыгышты

Алар “ Көп аял алууга-жок, деп айт! Секулярдык Кыргызстанга-макул деп айт! ” “Бийликтин бардык бутактарында жетекчилик кызматта аялдар менен эркектер бирдей көрсөтүлсүн”,”Мамлекеттик башкаруу органына 30 пайыз аялдар көрсөтүлсүн”, деген ураандарды жазып, көтөрүп турушат. Бир катар жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жыйырмага чукул аял парламент депутаттарынан кылмыш кодексинин көп аял алууну жазалаган беренени өзгөртпөө талабын коюшууда. Кылмыш кодексинен көп аял алгандарды жазалоо жөнүндөгү беренени алып салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин март айындагы күн тартибине киргизилген. Бул демилгени Юстиция министри Марат Кайыпов көтөргөн. (AJ)