8:42 Башкы машыктыруучу муунтулуп өлтүрүлгөн болушу ыктымал

КИНГСТОН. Ямайканын полициясы Пакистандын крикет командасынын башкы машыктыруучусу Боб Вулмер муунтулуп өлтүрүлгөн болушу ыктымал деп билдирди. 58 жаштагы Боб Вулмер 18-мартта Кингстондогу мейманканадагы бөлмөсүнөн жансыз табылган эле. Андан бир күн мурда крикет боюнча дүйнө биринчилигинин финалында Пакистан Ирландияга уттуруп койгон болчу.