ТАЖИК ПРЕЗИДЕНТИ ФАМИЛИЯСЫН ӨЗГӨРТӨТ

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов фамилиясынын аягындагы орусча “ов” деген кошумчаны алдырып салып, жөн гана Эмомали Рахмон деп жазыла турган болду. Бул тууралуу тажик президенти 20-март күнү чыгармачыл жана коомдук ишмерлер менен жолугушуу маалында айтты. Байкоочулар президент анткен соң, эми Тажикстандын жарандарына да орусча ыкмадагы фамилияларын тажикчеге которгонго жол ачылат деген пикирде.
Тажикстанды 13 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмонов чет өлкөлөргө барганда фамилиямды ар түрдүү бурмалап айтышат, ошондон тажадым, паспортума “Эмомали Рахмон” деп жаздырам деп жарыялады. Кыргызстанда фамилиянын аягындагы “ов, ова” деген орусча кошумчаны алдырып салуу демилгеси тээ 1990-жылдардын башында эле башталган, силерде андай болгон эмеспи? – деген сурообузга “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Нурмухамед Холов төмөнкүдөй жооп узатты.

- Ооба, ырасмий түрдө коомчулукка мындай сунуш алгачкы ирет айтылды. Негизи Советтер Союзу кулагандан кийин бир катар интеллигенция өкүлдөрү, окумуштуу-жазуучулар өз фамилияларын орусчадан мурдагы, тажикче ыкмага которуп, Турсунзаде, Рахимзода, Салимпур деп которуп алышкан. Бирок, карапайым кишилерге фамилияларын которууга ырасмий түрдө уруксат берилген эмес. Эми президент Рахмонов өзү демилге көтөрдү. Аны туурап министрлер, аларды туурап дагы башкалары, айтор элдин баары которуп кирет ко.

Былтыр Тажикстанда арийлер маданияты жылы деп жарыялаган президент Рахмонов негизи улам бир улуттук идеяны көтөрүп чыгып, элдин көңүлүн тарыхка такай буруп келатат. Бул ирет да фамилиясын өзгөртүп атканын дал Нооруз майрамы алдында жарыялап отурат.

Кыргызстанда алгачкылардан болуп, саясатчылар арасынан орусча ыкмадагы фамилиясын кыргызчага которткон акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болгон. Ал да чет өлкөлөрдө “оруссуңбу” деген суроону уккандан тажап, фамилиясын өзгөрткөнүн, бирок анын демилгеси Кыргызстандык саясий жана коомдук ишмерлер арасында колдоо таппаганын айтат.

- Эмнегедир кыргызстандык коомдук ишмерлер, саясатчылар, дегеле мекендештер фамилиясын кыргызча ыкмага которбой жатышат. Мен бул нерсеге капаланам, себеби 1989-жылы Мамлекеттик тил тууралуу мыйзам кабыл алынганда ошол жерде жазылган кыргызстандыктар өз улуттук фамилиясына өтүшү керек деп. Бирок кыргыздарда негедир намыс акыркы орундарда болуп атат.

Биздин кабарчылар менен маектешкен бишкектик жаштардын көбү Дүйшеева Наргизага окшоп, орусча ыкмадагы фамилия азыркы замандын талабына жооп берет деген пикирде.

- Мен фамилиямды которгум келбейт, ушул бойдон эле калтырам. Анткени ушул фамилиям эле современныйыраак ко.

Кыргызстанда бирок 1990-жылдардын башында төрөлгөн жаштардын көбү жана айрым орто муун өкүлдөрү баланча уулу, же кызы деп жазылган, же жөн гана атасынын ысымын коштуруп алган. Андай болгондо, фамилия үй-бүлөнүн белгиси, тукумдан тукумга өткөн ысым болуудан калып, өз атасынын аты гана айтылып калат деп сындагандар да аз эмес. Тажиктердики бул жагынан оңой экен, анткени атасынын атына кошулган “заде, же пур”деген сөз “урпагы” дегенди түшүндүрөт, уул-кыз, небере-чөбөрө деп айырмалабайт.

Айтор, Кыргызстанда азырынча паспорттун ар кандай түрү болгондой эле бир үй бүлө мүчөлөрү 2-3 башка фамилия алып жүргөн учурлар көп кездешет. Мунун артыкчылык-кемчиликтерин изилдөө ишин тийиштүү адистер колго алып, бул көрүнүш жолго коюлаар деп үмүт кыла туралы.