Багдаддын жашыл зонасында БУУнун башкатчысы жүргөн кезде жарылуу орун алды

Пан Ги Мун Ирак башкалаасына бүгүн капыстан келген жана бул анын Ирактагы алгачкы сапары эле. Окуя БУУнун башкатчысы менен Ирактын премьер- министри Нури ал-Малики сүйлөшүүлөрдөн соң басма сөз жыйынын өткөрүп жаткан учурда болду. Согушкерлер тарабынан атылган ракета алар отурган имараттан көп алыс эмес аралыкта жарылаган. Жарылуудан имараттын төбөсүнөн шыбактары урап түштү. Кыска убакыттан кийин эки жетекчинин пресс-конференциясы улантылды. Окуя учурунда эч ким жабыр тарткан жок. Улуттар уюму Ирактагы ишин 2003-жылдын августунда Багдаддагы кеңсесинде болгон жарылуудан өкүлчүлүктүн башчысы жана башка 21 кызматкери мерт болгондон кийин кыскарткан.