Кубада америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэйдин музей-үйүн кайра калыбына келтиришет

Хемингуэй 1939-1960-жылдары Кубада жашаган болчу. Ал жерде тоонун үстүндө анын испан стилиндеги вилласы жайгашкан. 1961-жылы жазуучу дүйнөдөн кайтканда, анын жубайы үйдү Куба мамлекетине белек катары өткөрүп берген экен. Эми кубалыктар ал музейди эки жылда кайра оңдой тургандыктарын кабарлашты.

Төрөкул Дооров, Москва