ЖАЗ. НООРУЗ. ЖАҢЫЛАНУУ...

Бүгүн Кыргызстандыктар Нооруз майрамын тосуп алышты. Ага карата ордо калаа Бишкектин Алатоо аянтында майрамдык иш-чара уюштурулуп, ага президент Курманбек Бакиев баштаган мамлекеттик жетекчилер, белгилүү коомдук жана маданият ишмерлери келишти. Өлкө башчысы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап сөз сүйлөп, өз сөзүндө өлкөнүн өнүкпөй жатканына саясий пикир келишпестиктер себеп болуп жатканын, жай айларында Бишкек шаарында өтүүчү саммит Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк экендигин, ошол себептүү элдин ынтымактуу болушу зарылдыгын баса белгиледи.
Жаңылануунун, жаздын символу болуп келаткан Нооруз майрамын Бишкектиктер да шаң менен тосуп алышты. Фарс тилинде “жаңы күн” деген маанини берген Нооруз майрамы табияттын жанданышына, күн менен түндүн теңелишине тыгыз байланыштуу болуп, байыртадан майрамдалып келет.

Бүгүн эртең менен буга байланыштуу Бишкектин Алатоо аянтында майрамдык салтанат уюштурулуп, ага өлкө башчысы баш болгон жоон топ адамдар келишти. Президент Курманбек Бакиев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, сөз сүйлөдү. Ошондой эле ал өлкөдөгү ал-абалга токтолуп, учурда калктын жашоо шартын жакшыртуу, экономикага инвестицияларды тартуу, айыл-чарба техникаларын жаңылоо, токтоп калган ишканаларды кайра жандандыруу жаатында кыйла алгылыктуу иштер аткарылганын айтып өттү. Анын айтымында өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө саясий пикир келишпестиктер, тоскоол болуп жатат:

- Тилекке каршы айрым учурларда саясий пикир келишпестиктердин кесепетинен өлкөдө бир кыйла тоскоолдуктар болуп калып жатканын жашырууга болбойт.

Президент андан тышкары, август айында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин айтып, жалпы элди ынтымактуулукка, биримдикке чакырды:

- Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Кыргызстан төрагалык кылып жаткан мезгилде, аталган уюмдун салт болуп калган регионалдык коопсуздук, көп тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери приоритеттүү боюнча кала бермекчи.

Ошентсе да оппозияда жүргөн бир катар саясатчылар бийликте тургандар мамлекеттик байлыктарды талап-тоноочулукка барып жатышканын, өлкөдө системалык өзгөрүү болмоюнча өнүгүү болбой турганын, алардын митинг-пикеттери ШКУнун жыйынына эч кандай таасирин тийгизбешин айтып келишет.

Майрамга байланыштуу Алатоо аянтында чогулган эл да атайын уюштурулган концерттик программага күбө болушуп, бири-бирине куттук сөздөрүн айтышты.

Ал эми Бишкек шаардык Маданият башкармалыгынын жетекчиси Малдыбай Кайыпов, бул жылкы Нооруз майрамы мурункудан өзүнүн масштабдуулугу менен айрмаланганын баса белгиледи.