ИИМ Кылмышты иликтөө башкы башкармасынын кызматкерлери кармаган орусиялык жаран, Грозный шаарынын тургуну Р. Сааев убактылуу камоо жайына камалды. Ал Бишкекте «Комфорт» дүкөнүнүн жанынан «Эко-ресурс» ишканасынын директору О. Колодяжныйдын мойнуна бычак такап, анын жер участогунун, ишканасынын документтерин жана паспортун тартып алган деп айыпталууда. (KCh)