Бердымухаммедов «түркмөнбашы» эмес

Түркмөнстандын жаңы президенти Гурбангулы Бердымухаммедов мекеме-ишканалардын, аймактардын аттарын жана административдик чек-араны өзү каалагандай өзгөртүү укугунан баш тартты. Өлкөнүн буга чейинки президенти Сапармурат Ниязов шаарларга, мектептерге жана, керек болсо, айларга да өзүнүн же жакын туугандарынын аттарын бергени бар.