18:05 Назарбаев Путин менен жолугушат

МОСКВА. Бүгүн Москвада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушат. Орус президентинин администрациясынын маалыматы боюнча, жолугушууда эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун келечеги талкууланат. Өзгөчө сөз энергетика жаатындагы мамилеге арналаары айтылууда. Назарбаев Москвага жекшембиде келген болчу. (KO)