Орусияда оппозиция жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгына каршы демонстрация өткөрдү

Санкт-Петербургда миңден ашуун адам президент Владимир Путинге каршы сөздөрдү кыйкырып жатышты. Иш-чара 150 чамасындагы милиционер тарабынан көзөмөлдөнүп, бир жарым сааттай уланды. 11-мартта жергиликтүү мыйзам чыгаруу органдарына болгон шайлоодо Путинди колдогон эки партия көпчүлүк добуштарды алган. Бир катар партиялар, анын ичинде оппозициялык “Яблоко” партиясы кээ бир чөлкөмдөрдөн талапкерлигин коюу укугунан ажыратылган.