Үч адам, полициянын маалыматына караганда, Багдаддын түндүк ыптасында шийиттер үстөмдүк кылган райондо базарда орун алган жардыруудан каза тапты. Ал эми америкалык командачылыктын айтымында, кечээ каза тапкан сегиз аскеринин жетөөсү согуштук аракеттерден улам өмүрүнөн айрылды. Бирөөсүнүн өлүмү башка инцидентке байланыштуу.