Жолугушууда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү тууралуу тасма көрсөтүлдү. Коргоо министринин орун басары Кубанычбек Орузбаев өлкөдөгү куралдуу күчтөр тармагындагы реформалар жөнүндө айтып берди. Эл аралык терроризм, диний экстремизм, баңгизаттарды жана курал-жарактарды сатуу менен биргелешип күрөшүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Бул тууралуу коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)