БОСПИЕКТЕ АКСЫ ТРАГЕДИЯСЫН ЭСКЕРИШТИ

Бүгүн Аксы районундагы Бозпиек деген жерде Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Азалуу жыйын эртең менен ондо Аксы окуясынын курмандыктарына тургузулган эстеликтин жанында башталды. Маркумдарга багышталып куран окулду, гүлчамбарлар коюлду. Андан соң жыйын Каражыгач айлында уланды. Аксы окуясынын беш жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан жыйынга өлкөнүн бардык аймактарынан делегаттар, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү келишти.
Буга байланыштуу бүгүн эртең менен президент Курманбек Бакиев да Аксыга учуп келген. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей ал Каражыгач айылында өтүп жаткан жыйынга да катышып, окко учкан Аксылыктардын туугандары менен жолукту. Жыйында сөз сүйлөгөн президент Курманбек Бакиев, ал президент болгон күндөн баштап эле Аксы окуясы боюнча иштин аягына чышын талап кылып келатканын, бул иш учурда анын көзөмөлү алдында экендигин, кээ бир саясатчылар бул окуяны саясатташтырып, өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланганы жатышканын айтты. Ал эми депутат Азимбек Бекназаров, бул окуя аягына чыкмайынча маселени көтөрө бере тургандыгын баса белгиледи.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча жыйынга бир жарым миңден ашуун адам катышты.

Ошентсе да экс-президент Аскар Акаев «24.kg» агенттигине интервью берип, Аксы окуясынын болушуна кандайдыр бир өлчөмдө өзүнүн күнөөсү бар экендигин, азыркы президент Курманбек Бакиевдин да кайсы бир деңгээлде буга тиешеси барлыгын кыйытты.

2002-жылы 17-мартта Аксы районунун Боспиек айылында депутат Азимбек Бекназаровдун тарапкерлери менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп өтүп, аны басуу үчүн укук коргоо органдары атуучу куралдарды колдонушкан. Натыйжада алты адам Курман болуп, бир канча адам ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. Бул окуя боюнча азыркыга чейин күнөөлүүлөр жазасын албай келет. Жарандык коомчулуктун таасири менен өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул иш боюнча жакында кайрадан кылмыш ишин козгогон эле. (IJz)