Иран президенти Махмуд Ахмединежад БУУнун Коопсуздук Кеңешинин келерки бейшембиде болчу жыйынына катышууга уруксат берүүнү ырасмий түрдө өтүндү. Жыйында Ирандын ядролук программасына каршы жаңы чара колдонуу маселеси колго салынат. Ахмединежад 15-мартта БУУ жана Батыштын кысмагы Иранды уранды байытуудан баш тарттыра албайт, Коопсуздук Кеңешин санкция колдонуу укугу жок деп сындаган. АКШ өкмөтү Ахмединежадга виза берилерин билдирди.