Ооган полициясынын беш кызматкерин талибандар атып кеткени аныкталды

Ооган полициясынын беш кызматкерин мурда маалымдалгандай НАТОнун аскерлери эмес талибдер өлтүргөнү такталды. Ушундай деген Гелманд провинциясынын полиция акиминин орун басары Иса Хан баштагы билдирүүсү жаңылыш болгонун билдирди. Анын сөзүнчө, тергөөчүлөр тобу НАТОнун жоокерлери калаба болгон жайга кандуу калабадан кийин келгенин аныкташкан. Ооганстандагы НАТОнун коопсуздук күчтөрү жана АКШ башындагы коалициялык аскерлер ошол замат алардын окуяга тиешеси жок экенин билдиришкен.