Тоолуу аймактарда жашаган элдер адатта жарды келип, айрыкча аялдардын абалы оор болот. Мисалы, алар төрөт учурунда көп каза табат. Ушул себептен улам дүйнөдөгү эң жарды өлкөлөрдүн бири болгон Непалда, же Кыргызстандын Нарын облусунда аялдар калктын жарымынын азын түзөт. Мына ушул темага тоолук кыз-келиндердин абалына арналган саммит жакында АКШнын тоолуу Юта штатында өттү. Ага катышып келген Токтайым Үмөталиева «Азаттыкка» көргөң билгени жөнүндө маек куруп берди.
- Саммитке сиз дагы кимдер катышты Кыргызстандан, Борбор Азиядан?
- Кыргызстандан мен бардым жана дагы бир НПОнун өкүлү барды. АКШда жүрүп аткан Кыргызстандын атуулдары бар экен, профессор Табалдиев, АКШдагы биздин элчибиз Замира Сыдыкова келди.
- Сиз эки доклад менен барган экенсиз, кайсы көйгөйлөргө токтолдуңуз?
- Менин докладымдын бири Орто Азиядагы жана Кыргызстандагы кыз-келиндердин саясатка катышууга мүмкүнчүлүгү тууралуу болчу. Экинчи докладым Кыргызстандагы кыз-келиндердин мамлекетти башкарууга катышууcу жөнүндө баяндама болду.
- Албетте, сиз анда бизде бийликте жалаң эркектер тураарын айтсаңыз керек, буга элдин реакциясы кандай болду? Алар мындай өлкөдө боло турган нерсе дедиби, же таңкалыштыбы?
- Биринчиден, 30дан ашык өлкөдөн өкүлдөр келди, белгилүү инсандар болушту. 2005-жылы тоо жылы өтпөдүбү. Тоо жылын Бишкектик адистер кабыл алган документтердин негизинде иштетпей атышат деп, ошол маселени чогулушта карайлы дешти. Ошол эле декларацияны кабыл алып атып дагы эле Бишкектеги өткөн тоо жылынын саммитти негиз болуп алынды. Ошонун негизинде стратегия түзүлдү.
- Кыргызстан үчүн кандай конкреттүү пайдалуу кеп-кеңеш, же демилге болду, же жалпы сөздөр менен чектелдиби?
- Мен ойлойм, эң биринчиден дагы деле жоготуп койгон нерселерди кайра таптык. Экинчиден, азыр чоң гранттык программага кире турган болдук. Коюлган 3-4 максат бар, ошону иштегенге жол ачылып атат. Алар шартты карап атышат. Ошол эле учурда саммиттин экинчи бөлүгүн Орто Азияда өткөрүү боюнча сөз болуп атат.
- Бул конференциянын уюштуруучуларынын бири Кыргызстандын Акаевдин тушундагы АКШдагы элчиси Бакыт Абдрисаев экендигин билем. Ал кандай жүрүптүр, таарынычы жок бекен?
- Бакыт Абдрисаев менен Замира Сыдыкованын эмгегин белгилеп кетиш керек. Себеби, азыркы кезде биздин кыргыздын боз үйүн чоң университеттин алдында курушуп, биздин кыз-келиндердин колу менен жаcалган буюмдарды тагышып, кыргыз кыздарынын эмгегин көргөзгөн жакшынакай панорама даярдашыптыр.
- Маегиңизге ырахмат
Маектешкен Жаңыл Жусубжан, Прага