ТИМ: ШКУ САММИТИ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАЙТ ДЕП КООПТОНУУГА НЕГИЗ ЖОК

Бишкекте ШКУ саммити үзгүлтүккө учурайт деп кооптонууга негиз жок. Мындай пикирин тышкы иштер министри Эднан Карабаев кечээ маалымат жыйында билдирди. Ошол эле учурда айрым эксперттер ар кыл террордук аракеттер болушу мүмкүн деп болжошууда. Ал эми оппозиция өкүлдөрү саммитти өз деңгээлинде уюштурууга бийликтин дарамети жетээрине күмөн санашууда.
Тышкы иштер министринин айтымында, ШКУ саммитин Бишкекте өткөрүү чечими уюмга мүчөлөрдүн Кыргызстанга ишенич көргөзгөндүгүнүн белгиси. Бул жыйындын Кыргызстанда өтүшү мамлекет үчүн болчокто көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат, дейт Эднан Карабаев:

“ШКУга мүчө болуу биздин мамлекет үчүн континенталдык деңгээлде мүмкүнчүлүктөрдү ачып атат. Бул биринчи ирээт экономикалык кызматташтыкты бекемдетүүгө өбөлгө түзөт. Мына бул иш чараны өткөрүш үчүн өлкө ири суммадагы чыгымдарга дуушар болуп атат деп айтылып атат, бирок бул жерде курулуп аткан объектилерди, жолдун асфальттталган бөлүгүн бирөө жарым өзү менен кошо ала кетмек беле. Саммитти өткөрүү менен биз шаардын инфраструктурасын оңоп жатабыз”.

Ал эми саммиттин жүрүшүндө коопсуздук маселелерине токтолуп төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Өлкөдө курч абалга байланыштуу Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун аскерлери келип, элге кысым көрсөтөт деген сөздөр айтылып жатат деген суроого мен түз эле айта алам. Кыргызстанда кысталыш кырдаал болго күндө да бул аскерлердин Кыргызстанга келишине нормативдик –укуктук негиз жок. Ал эми улуттук кызыкчылык маселесин чечүүдө биринчи ирээт улуттук биримдик керек”.

Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов уюмга бир да мүчө-өлкө Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу кооптонуусун билдирген жок деп белгиледи.

Кооптонууга эч кандай негиз жок деп ишендирген министрлик жетекчилигинин мындай пикирине Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев башкача көз карашта. Анын айтымында, эгерде саммит жогорку деңгээлде өтпөй калса, бийлик аны оппозициянын аракеттерине шылтап коюшу толук ыктымал:

“Бийлик эки жылдан бери өлкөнү туруктуулукка алып келе албай жатат. Бул жерде бир нерсе болсо оппозициядан эмес, бийлик өзүнөн көрсүн”.

Мамлекет жеткчилиги да, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да учурда коюп жаткан эң негизги талаптардын бири саммитти өткөрүүгө даярдыктарды көрүп, аны өз деңгээлинде өткөрүү. Депутат Темир Сариев саммитти ойлогондой өткөрүүгө бийликтин дарамети жетээрине көзү жетпей турганын айтты:

“Бийликтин кылып аткан саясатын, дараметин биз азыр көрүп турбайбызбы. ШКУ эмес, ушул жерде эки кишинин башын бириктирип, сүйлөшө албай жаткан мамлекет бир нече мамлекеттин башын бириктире алмак беле. Жыйынды өткөрүү аткаруу бийлигинин милдети. Эгерде бул милдетти бизге берсе, биз бул саммитти жакшынакай кылып өткөрмөкпүз”.

Мындан тышкары, маалымат жыйыны учурунда тышкы иштер министри Эднан Карабаев Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктарына, кыргыз-америка алакаларына токтолду. Министрдин билдиргение караганда, Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатында АКШны, Кытай жана Орусияны өзөктүү, кошуна мамлекеттерди артыкчылыктуу жана калган мамлекеттерди негизги өнөктөштөр катары санайт.