ИСКЕНДЕР АЙДАРАЛИЕВ: ...”УЛУТТУК ТЕЛЕКАНАЛ БИЙЛИК МЕНЕН ЭЛДИН ОРТОСУНА ЖАРАКА САЛЫШЫ МҮМКҮН»

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалалабат облусунун коомчулугу, облустун жетекчилиги менен жергиликтүү журналистттер облустун Ташкөмүр шаарындагы «Кристалл» акционердик коомунун айланасындагы кырдаалга тынчсызданууда. Губернатор И.Айдаралиев өз ой-пикиринин «ишкананы сатыш керек» деген сөзүн чыгарган МТРКнын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, “мындай позициясы менен улуттук телеканал бийлик менен элдин ортосуна жарака салышы мүмкүн» деп билдирди. Ал МТРКны коомдук телеканалга айлантуу зарылдыгына токтолду. Улуттук телеканалдын облустагы өкүлү МТРКны коомдук телеканалга айлантуу келечектин иши экендигин билдирди.
Ташкөмүр шаарындагы «Кристалл» ишканасы туш болгон жагдай Жалалабат облусунун коомчулугунун тынчын алууда. МТРК ишкана тууралу ой-пикирлерди кыскартып берип, айрым жетекчилерди элге жаман көрсөтүүдө. Ушинтип айткан губернатор Искендер Айдаралиев ишкананы эмне үчүн сатуу керек деген негиздемесин толук уктурбай, «ишкананы сатыш керек» деген гана сөзүн чыгарган МТРКнын ишмердүүлүгүнө нааразы болду. Депутаттар улуттук телеканалды коомдук телеканалга айлантуу тууралуу туура айтып жаткандыгына ынанган губернатордун айтымында, «Кристаллды» сатуу жең ичинен эмес, ачык жана аны алаар кардардын ишкананы кантип иштетээр максатын айкын билип туруп гана сатуу зарыл:

- Канча суммага, кимге сатылды, сатып алган инвестордун кандай пландары бар экендигин эл билиш керек. Мен “Кристаллдын” жең ичинен сатылганына каршымын.

Искендер Айдаралиев жашырyyн сатылган ишкана тууралу облбийликти саткан жана сатып алган тараптар, сот бийлиги да маалымдар кылбаганын, «Кристалл» ишканасы учурда үзүл-кесил болсо да иштеп жатканын билдирди:

- Журналисттер ойноп, бут тосо берсе анда КТРди менчикке өткөрүш керек, депутаттар бекеринен көтөргөн эмес. Мен кечээки күндөн кийин көзүм жетти, КТРде ошондой журналисттер, же ошондой политикасы барбы? Мамлекеттик чиновниктерге каршы тукуруп аткандай болуп калды. Элдин баары, депутаттар чыгып атса сатылбасын деп, губернатор сатылсын деп айтып атат деп атышат. Демек губернатор ошонун арасында бар деген ой кетиши мүмкүн.

“Кристалл” акционердик коому жөнүндө чуулгандуу кептер токтобой, МТРКны коомдук телеканалга айлантуу маселеси талаш туудурган маалда анын облустагы бөлүмүнүн имаратынын тагдыры да орчундуу болууда. «Кристалл» акционердик коомунун эртеңки тагдырына тынчсызданган ЖТРдин башчысы Рысбай Жумабековдун билдирүүсү боюнча телеишкана учур талабына ылайык имаратка муктаж. Бирок, 1998-жылы башталган бойдон курулушу токтогон имаратты сатуу жөнүндө уу-дуу сөз тыйыла элек:

- Эгер завод сатылып калса эртеңки тагдыры кандай болот, жогорку кубаттуулукта иштеп кете алабы? Биздин да телеборбордун иши 1998-жылы башталган. Азыр “Интершаг” алат дегендей сөздөр болуп атат.

Губернатор И.Айдаралиевдин жообуна ылайык Жалалабаттагы «Интершаг» фирмасы имаратты сатып алаарын билдирген. Облус башчы ал фирмага ЖТР үчүн шаардын Пушкин көчөсүндөгү үч кабат имаратты бүтүрүп берүүнү сунуш кылган. Андан кийин телеишкананын имаратын сатуу маселесин ойлонуп көрөлү деп, жооп узаткан И.Айдаралиев.

МТРКнын облустагы кабарчысы Бактыкан Ажымаматованын ою боюнча «улуттук сыналгыны коомдук телеканалга айлантуу - келечектин иши. Улуттук сыналгыда кыйла өзгөрүүлөр болуп жатканын коомчулук деле байкоодо»:

- Бизде көп жаңылануу бар. Москва бир күндө курулбайт деген сыяктуу КТРде дароо эле эл, же айрым оппозициялык күчтөр күткөндөй элдик кылып түп-тамырынан өзгөртүп жиберүү мүмкүн эмес. Облустун губернатору нааразы болуп КТР мурдагы эле калыбында, эл менен бийликти чабыштыруу маанайында иштеп атат деген оюн айтты. Негизи КТР бийлик менен элди чабыштыруу эмес, тескерисинче бийлик элге кызмат кылсын деген маанайда иштеп атат, - деди Бактыкан Ажымаматова.