Террорчулар Германияны коркута албайт

Бул тууралуу кечээ немец Ички иштер министри Вольфганг Шойбле билдирди. 11-мартта “Халифат үнү” деп аталган террордук топ интернетте жарыяланган билдирүүсүндө “Эгерде Германия жана Австрия Ооганстандан өз жоокерлерин чыгарбаса, террордук кол салуулар болот” деп эскерткен эле. Учурда Ооганстандын түндүгүндө Германиянын үч миң жоокери кызмат өтөйт.