БАЙ ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕКТЕГИ КЕДЕЙ ТУРМУШУ

Депутаттык мөөнөтү аяктаган соң эл өкүлдөрүнүн көбү кызматтык үйлөрүн бошотпой, талаштуу иш кыйла убакыт сотто териштирилип келатат. Чалкеш маселени чечиш амалында 2005-жылдын 14-октябрында 1-2-чакырылыштагы депутаттарга кызматтык үйлөрүн базар баасынан арзанга сатып алууга уруксат берген Жогорку Кеңештин токтому чыккан. Депутаттарга делген мейманкана үй эки жылдан бери бүтпөй турат.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаевдин ырасташынча, кызматтык үйлөр жеке менчикке берилбейт. А бирок мыйзамды кыйгап өтүп, кызматтык делген турак-жайды жеке менчикке өткөрүп алган депутаттар деле бар. Парламент жаңыланган сайын улам-улам козголуп келаткан мына ушул талаштуу маселеге биротоло чекит коюш амалында депутаттарга арналган мейманкана үй салып берүү тууралуу атайын мыйзам долбоору даярдалган. Бирок ага президент кол койбой, ошону менен маселе дагыле ачык бойдон калууда, миллиондогон сомдор депутаттардын үй акысына кетүүдө.

- Азыр биз жылына 7 миллион сом депутаттарга ижара акысына төлөп берип турабыз. Эгер ушул маселе чечилгенде мындан ары эч ким турак-жайды козгобой калмак. Көсөмдүк кылып мурдагы парламент төрагасы М.Шеримкулов 1994-жылы жер алып депутаттарга мейманкана үйдүн жерпайын түптөп, курдура баштаган. Мен төрага болуп турганда ошол үйдүн эки кабаты бүткөн. Биздин планыбыз боюнча ал өткөн жылдын сентябрында бүткөрүлүп, ага депуатттар киришмек.

Ө.Текебаев айткан 110 үй-бүлөгө делген мейманкана сыпатындагы турак-жайдын курулушу каражаттын жоктугунан аягына чыкпай турат. Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алишер Абдимомуновдун айтуусунда, курулушка быйылкы жыл бюджетинен акча бөлүнсө бүтүп калат эле.

- Ага мурдагы жылдын бюджетинен 10 миллион сом каралып, 110 квартирлүү үйдүн 27 квартиринин кыйла иши бүтүп калган. Былтыркы жылдын бюджетинен акча каралбаганга байланыштуу ал азырынча токтоп турат. Эмне себептен 27? Азыр биз 27 депутатка ижара акысын төлөйбүз. Бир үйдү бүтүрүп алсак, ошондо алыстан келген депутаттарды ошол мейманкана үйгө киргизип коймокпуз. Мөөнөтү бүткөндөн кийин кетет. Жаңы келгендер ал жерде жашай берет. Анын максаты ошондой.

Жогорку Кеңештин 1995-2000-жылдары шайланган депутаттар жашап турган кызматтык үйлөрүн базар баасынан 40% арзанга сатуу боюнча токтом 2005-жылдын 14-октябрында чыккан. Парламенттин мурдагы депутаты Бакыт Керимбековдун пикиринде, квартиралар айрым эл өкүлдөрүнө арзан, экинчилерине кымбат баада сатылууда.

- Бирөөлөргө квартираларды 1 миллионго баасын коюп жатышат. Ошол эле жерде, бир көчөдө турган ошондой эле үйдү 2 миллионго баалап жатышат.

Өмүрбек Текебаев эки чакырылыштагы 25 депутатка базар баасынан 40% арзанга сатылчу үйлөрдөн өлкө казынасына 10 миллиондон ашуун сом түшөт деген пикирде. Анын оюнча, талаштан башы чыкпаган депутаттардын үй маселесин маалкатпай чечиш зарыл.

- Ар беш жыл сайын элдин миллиондогон акчасын кетирип депутаттарга үй алып берген туура эмес. Асманда учкан учагы, жерде оң миңдеген жери бар депутаттар үйү жок “бомж” депутат катары арыз берип, Жогорку Кеңештен ай сайын 18 миң сомдон ижара акы алышат. Бишкекте квартал, 10 кабат, 12 кабат үйлөрдү куруп жаткан депутаттар момун, бечара болуп келип, ушу азыр Жогорку Кеңештен ижара акысын алып жүрүшөт. Аларга бересиң. Анткени, документи боюнча алар бечара,- дейт Ө.Текебаев.

Мурдагы депутат Б.Керимбеков ушу тапта эмнеликтен айрым депутаттар кызматтык үйлөрүн арзанбаа же итбекерге алышат да, калгандары базар наркында акча төлөшкө мажбур деп Жогорку Кеңештин токтомун жокко чыгарууну талап кылып сотко доо арыз менен кайрылууда.