8:43 Бюджет долбоорунун экинчи окулушун өкмөт бүгүн Жогорку Кеңешке жибериши мүмкүн

Бул тууралуу парламенттин кечээки жыйынында айтылган. Долбоорду алгач бюджет боюнча комитет карап, тыянагын парламент жыйынына алып чыкмакчы. Бул маселе парламентте ушул айдын жыйырмасынан кийин каралышы күтүлүүдө. Быйылкы жылдын бюджет долбоорунун биринчи окулушу февраль айында кабыл алынган.(SM)