Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуу планын ишке ашыруу узак убакытты талап кылат

Бул туралуу Атом Энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин башчысы Мохаммед эль- Барадейи билдирди. Ал бүгүн иш сапары менен Пхеньянга келет. Түндүк Корея быйыл февралда экономикалык жардам жана коопсуздук кепилдиктерин алган шартта өзөктүк прорграммасын токтотууга макул болгон.