Ал бүгүн маалымат жыйынында шайлоочулары Отузадыр шайлоо аймагында талапкерлигин коюуну өтүнүшкөнүн, бирок анын шайлоого барар-барбасы 17-мартта “ЭрК” партиясынын курултайында белгилүү болорун билдирди. Акыйкатчы ошондой эле убактылуу кармоочу жайлардын абалы начардыгын, түштүктөгү убактылуу кармоочу жайда кармалгандарды адвокаттары жок суракка алып, кыйноолорго жол берилгенин. Адам укуктары корголбой, мыйзам бузулуп жатканын кабарлады. (AJ)