17:08 ЖАЛАЛАБАТ. 9-мартта Жалалабат облусунан Баткенге кайрымдуулук жардамы жөнөтүлдү

Облустун коомчулугу жер титирөөдөн жабыр тарткан Баткен облусуна 10 тонна ун, 10 тонна дизелдик отун менен 134 миң сом накталай акча топтогон. Соопчулук жардамына облустун жаштар уюмдары да марафондон чогулган каражаттарын кошту. Кайрымдуулук унаа жүктөлгөн кербенди губернатор Искендербек Айдаралиев баштап кетти. Бул тууралу губернатордун орунбасары Айбек Акбаров маалымдады. Анын айтымында баткендиктерге 500 миң сом акча которуу жолу менен жөнөтүлдү. Кочкор районундагы табият кырсыгынан жабыркагандарга Жалалабат облусу буга дейре жалпысынан 1 миллион 700 миң сомдук көмөк көрсөткөн.
(YA)