Германиялык “Шмидт” компаниясынын өкүлдөрү мындай ой менен биринчи вице премьер-министр Данияр Үсөнов менен өткөн жылы жолугушкан. Кытай, Украина, Россия да бул ишканага кызыккан. Бирок акциялардын камакта турганы инвесторлорго тоскоолдук кылып келген. Өкмөт эми Казакстандын сотуна кайрылып, “Кристаллдын” акциялары мыйзамсыз кепилдикке коюлганын далилдөөгө аракет кылмакчы. (AiT)