Кечээ АКШнын Өкүлдөр палатасындагы демократтар 2008-жылы Ирактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү мөөнөтүн аныктоочу мыйзам долбоорун кабыл алууга кепил өтүшөөрүн билдирген. Бюджеттер боюнча комитеттин жетекчиси Дэвид Обей демократтардын сунушу АКШнын Ирак чатагын токтотуудагы милдетин жана жоопкерчилигин так аныктайт деп билдирди.