Орусияда адам укуктары багытындагы абал кескин начарлады

Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө айтылат. Докладда 2006-жылы сот бийлигине кысым көрсөтүү жана бейөкмөт уюмдарга басым жасоо көрүнүштөрү көп байкалган деп айтылат. Докладда ошондой эле Чеченстан жана Түндүк Кавказдын башка аймактарында жайкын адамдарды өлтүрүү уланууда деп белгиленет.