ЭКИ БАСКЫЧТУУ ЭКОНОМИКАГА АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮНҮН АЛЫ ЖЕТПЕЙТ

Айрым айыл өкмөт башчылардын жана финансылык адистердин билим сапаты жетишпегендиктен улам Кыргызстанда эки баскычтан турган экономикалык реформаны ишке ашыруу кыйын болуп жатканы кечээ Таласта айыл өкмөт башчыларына өтүлгөн семинарда айтылды. Бир күндүк семинар ОБСЕ бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулуп, "Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы" коомдук бирикменин өкүлдөрү Таластагы айыл өкмөт башчыларын окутушту.
Семинар Талас облустук акимчиликтер залында болду. Ага облустагы 37 айыл өкмөттүн башчылары, райондук жана айыл кеңештин төрагалары катышышты.

Семинарда эки баскычтан турган бюджеттин жол жоболору тууралу окутулду. Айыл өкмөт башчыларына коррупция жолуна түшпөстөн, экономикалык абалдарын жакшыртуу, акча каражаттарын мыйзамдуу, туура багытта пайдалануу маселелери козголду.

Эки баскычтан турган бюджеттик реформанын аксап жатышы, айрым айыл өкмөттөрдөгү финансалык адистердин билим сапатынын төмөндүгүнөн деп айтты айыл өкмөт башчылар менен көп жылдан бери иштешип келген көз карандысыз эксперт Кадырбек Калканов:

- Бир региондордун экономикалык потенциалы жогору. Кээ бир мисалы Нарын, Баткен өрөөнүнүн экономикалык потенциалы төмөнүрөөк болгондуктан эки баскычтуу бюджеттик реформаны алып кетүүдө келечкте кыйынчылыктар болот. Бул биринчиси. Экинчиси жер жерлердеги айыл өкмөт деңгээлдеги финансалык кызматкерлердин дагы билим деңгээлинин бирдей эместиги. Анткени, кээ бир айыл өкмөттөрдө дагы билим деңгээлинин төмөндүгүнө жараша бул реформаны жүргүзүүдө бир топ кыйынчылыктар болот. Элге жакшы кызмат кылуу максатында өткөрүп жатабыз.

Кыргызстанда акыркы кезде жергиликтүү башчылар мыйзамды билбей иштегендиктен улам миграция маселеси да күчөп жатканын өз сөзүндө кошумчалап кетти Кадырбек Калканов.

Манас районуна караштуу Үчкоргон айыл кеңешинин депутаты Сатылган Жумагулов, азыркы тапта айрым айыл өкмөт башчылар айыл кеңештин төрагасынын ишин бирдей алып барып, акча каражатты каалагандай жумшагандыгын айтып коррупция ылдый жактан болуп жатканына токтолду:

- Ылдый жактан эле башталат. Айыл кеңешинин төрагасы негизи өзүнчө бөлөк болуш керек эле. Азыркы тапта айыл өкмөт башчы бир эле маалда өзү башкарат да каалаган бюджетти каалагандай иш жүзүнө ашырып жатат.

Таласта бүгүнкү учурда 37 айыл өкмөт бар. Былтыр жерлерди тyура эмес бөлүштүргөн деген доомат менен Карабуура районундагы Акдөбө айыл өкмөт башчы элдин арызы менен жумуштан алынган. Ошондой эле факты менен Каракол айыл өкмөт башчы жакында кызматынан бошоп, биринчи апрель күнү кайра шайлоо болушу күтүлүүдө.