Расмий Тегеран Ирактагы кырдаалды жөнгө салууга арналган конференцияга катышуу тууралуу чечим кабыл ала элек

Иран өкмөтү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандыруу үчүн АКШдан расмий чакырууну күтүп жатат деп билдирди Тышкы иштер министри Манучер Моттаки. АКШ 1979-жылы болгон ислам революциясынан кийин Иран менен дипломатиялык байланыштарды токтоткон. 10-мартта өтө турган конференцияга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Иракка коңшулаш өлкөлөр катышат.