12:00 БШК төрайымдыгына талапкер Айчүрөк Эшимованы 57 депутат колдоду

Айчүрөк Эшимованы парламентке президент сунуш кылган. Бюллетень аркылуу добуш башталаардын алдында депутаттар менен талапкердин ортосунда суроо-жооп болду. Айчүрөк Эшимова БШК төрайымынын милдетин былтыр 19-декабрдан бери аткарып келген. Бул кызматка келгенге чейин ал Чүй округдук шайлоо комиссиясын жетектеп келген. (BuS)