Укук коргоочулар сот качкындарды бошотуу тууралуу чечимди үч күн мурун чыгарган деп билдиришти. Качкындар жыйырма айдан бери камакта отурган. Өзбек бийлиги аларды 2005-жылы майда Анжияндагы көтөрүлүшкө тиешеси бар деп өткөрүп берүүнү талап кылып жаткан.