Бээжинде Кытайдын Улуттук элдик жыйынынын жылдык сессиясы башталды

Премьер-министр Вен Жиабао сессиянын үч миң катышуучуларына кайрылып жатып, 2007-жылы Кытай энергияны үнөмдөп, экологиянын булгануусун азайтуу менен бирге экономикалык өсүштү камсыз кылат деп билдирди. Глобалдык коопсуздук маселелерин чечүү үчүн Кытай башка өлкөлөр менен кызматташат деп кошумчалады өкмөт башчысы.