Ушул жумада Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Иранга көрсөткөн техникалык жардамдын көлөмүн азайтат

Бүгүн Венада МАГАТЭнин жетекчилиги бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт. Өткөн жылы декабрда БУУнун Коопсуздук кеңеши уранды байытуу иштерин токтотпогондугу үчүн Тегеранга каршы санкцияларды киргизип, 21-февралга чейин мөөнөт берген. Бирок Тегеран ал мөөнөткө чейин өзөктүк програмасын токтотпогон соң, эми кеңеш Иранга каршы башка сагкцияларды киргизүүнү талкуулап жатат.