Сауд Арабиянын расмий SPA жаңылыктар агенттиги өлкөнүн падышасы Абдулла менен Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад ишемби күнү эр-Риядда жолугушуу учурунда араб өлкөлөрү тарабынан 2002-жылы сунушталган Израиль менен мамилени жакшыртуу планын колдоду деп жазып чыкты. Бирок Иран президентинин кеңсеси бул билдирүүнү четке кагып, мындай план талкууланган жок деп кабарлады.