Эстонияда парламенттик шайлоо соңуна чыкты

Премьер-министр Андрус Ансиптин оңчул-чордончул Реформачыл партиясы 27 пайыз добуш менен утуп кетти. Экинчи орунда 26 пайыз добуш менен Орточул партия. Үчүнчү орунду болсо улуттук “Мекен союзу”. Эстониянын шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоого 546 миң же башкача айтканда шайлоочулардын 61 пайызы катышты.