Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды жоюу агенттиги Кочкор районунун Семизбел айылынан келген Темирбек Эсеналиев менен анын жубайы Дүйшөбүбү Бектурованын айткандарынын тууралыгын ырастап, ушул кезге чейин алар турган үй бул үй-бүлөнүн менчиги экендигин билдиришти. Агенттиктин карыздарды жоюу боюнча адиси Каныкей Собурованын айтымында, бул үй-бүлө турган мурунку бала бакчасы агенттиктин карамагында турган. Аны былтыр ачык аукциондун негизинде аты аталган үй-бүлө 53 миң сомго сатып алган. Учурда аларды жергиликтүү аткаруу бийликтери үйлөрүнөн күчтөп чыгарып салгандыктан, нааразы болгон үй-бүлө маселе чечилбесе өздөрүн өрттөмөкчү болушууда. (JTo)