Коомдук саясат институтунда өтүп жаткан жыйынга Орто Азия, Орусия жана Кавказдан, баш-аягы сегиз мамлекеттен кырктай серепчи чакырылган. Конференцияда аймактагы демократиялаштыруу жараяны, анын сабактары жана келечеги, постсоветтик өлкөлөрдөгү ички саясий абал өңдүү мсаелелер талкууланууда. Талдоочулар ошондой эле бийликтин алмашуусу, конституциялык өзгөрүүлөр, саясий оппозиция, адам укугу жана геосаясаттан кеп козгошот. (EBM)